Кубакаева: Кыргыз эли байыртан креативдүү, болгону аны каражат табуунун булагына айландыруу керек
Креативдүү индустрия деген эмне? Ал – музыка жаратуучулук, кино тартуу, кол өнөрчүлүк, архитектура, журналистика, илим, мода. Башкача айтканда, чийки зат же кандайдыр бир станок талап кылынбай, өзүнүн дарамети, идеясы, логикасы менен каражат табуу. Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгын жаштар түзөт жана алардын басымдуу бөлүгү учурда Инстаграм, Тик-Ток платформасы аркылуу акча табууда.
«Креативдүү индустриялар ассоциациясынын» директору Назгул Кубакаеванын айтымында, Кыргызстандын калкынын тең жарымынан көбү жаш курактагылар экенин жана кыргызстандык чыгармачылык өнөргө байыртан шыктуу болуп келгенин эске алганда, креативдүү экономиканын бул өлкөдө келечеги кең.
Ошондой эле, Кубакаева креативдүү индустрияга жаштарды тартуу, аларды бул тармакка кызыктыруу жана идея менен талант жөн гана жөндөм эмес, каражат табууга жол болуп берээрин түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи. Айтымында, бул үчүн балдарга мектеп курагынан бул тармактын өзгөчөлүктөрүн тааныштырууну колго алуу керек.
“Кыргыз эли байыртан креативдүү, эми болгону ошол нерсени каражат табуунун агымына кошуу керек”, – дейт ал.
