Бакыт Төрөбаев Базар-Коргондогу 100 миң тоок багууга эсептелген ири тоок фабрикасынын ишмердүүлүгү таанышты
Базар-Коргон районуна караштуу Жараке айылында 100 миң тоок багууга эсептелген ири тоок фабрикасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Ишкананын жалпы сметалык баасы 185 миллион сомду түзөт. Учурда 105 миллион сомдук жумуштар аткарылып, курулуш иштери жигердүү уланууда. Аталган фабриканынын ишмердүүлүгү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жеринен таанышты.
Тоок фабрикасы үч этап менен ишке берилет:
- Биринчи этап – 2025-жылдын май айынан баштап 31 миң тоок өстүрүү башталган;
- Экинчи этап – 2025-жылдын октябрь айынан тартып дагы 31 миң тоок өстүрүлүүдө;
- Үчүнчү этап – 2026-жылдан тартып эт багытындагы канаттууларды өстүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, комбикорм тоют даярдоочу цех да курулуп, ал 2025-жылдын май айынан тарта тоют өндүрүүнү баштаган. Цехтеги жумушчулардын орточо айлык маянасы 30 миңден 50 миң сомго чейин каралган. Бул аймактагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт. Өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад жана Ош облустарынын ички рыногун продукция менен камсыздайт.
