"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
23 октябрь

"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда медициналык буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай аталыштагы стоматологиялык имплантаттар табылган. Алардын болжолдуу суммасы 1 млн сомдон ашык болгон.

Бул факт боюнча актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.