Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери уланууда
26 август

Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери уланууда

2025-жылдын 25-августуна карата жалпы 678,4 миң гектар дан эгиндеринин айдоо аянтынын ичинен 403,5 миң гектары жыйналып, бул 59,5 %ды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,2 миң гектарга көп/

Негизги көрсөткүчтөр:

Буудай – 247,6 миң гектар аянттын ичинен 205,7 миң гектары жыйналып, 83,1 %ды түздү (2024-жылга салыштырмалуу +13,2 миң гектар). Дүң жыйым – 458,1 миң тонна.

Арпа – 249,3 миң гектардын ичинен 196,4 миң гектары жыйналып, 78,8 %ды түздү (2024-жылга салыштырмалуу +15,0 миң гектар). Дүң жыйым – 392,4 миң тонна.

Жогорку түшүмдүүлүк Жалал-Абад облусунда байкалууда: 1 гектар буудайдан орточо 30,0 центнер, арпадан болсо 24,0 центнерден түшүм алынууда.

Ош облусунда жүгөрү жыйноо иштери да башталды. 1,4 миң гектар аянттан 9,2 миң тонна түшүм жыйналып, түшүмдүүлүк гектарынан орточо 68,7 центнерди түзүүдө. Жалпы жүгөрү айдоо аянты 2025-жылы 111,6 миң гектарды түзөт.

Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жашылча, бакча өсүмдүктөрүн жана картошканы жыйноо иштери уланууда.

Алсак:

Картошка – эрте жана орто эрте бышкан сорттор 16,6 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 273,8 миң тоннаны түздү. Белгилей кетсек, 2025-жылы картошканын жалпы айдоо аянты 64,6 миң гектарды түзөт.

Бакча өсүмдүктөрү – 11,74 миң гектардын ичинен 11,2 миң гектары жыйналып, дүң жыйым 281,0 миң тоннаны түздү.

Жашылча өсүмдүктөрү – 56,6 миң гектардын ичинен 28,0 миң гектарынан түшүм жыйналып, дүң жыйым 650,2 миң тоннаны түздү.

Ошондой эле Ош облусунда май өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери башталды. Отчеттук мезгилге карата 1,0 миң гектар аянттан 1,6 миң тонна түшүм алынды. Мындан тышкары, тамеки өсүмдүгүн оруп-жыйноо жумуштары 60 гектарда жүргүзүлүүдө.