Бишкек шаарында бүгүн социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтүп жатат
Бүгүн Бишкек шаарында жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларын сунуштаган салттуу азык-түлүк жарманкеси өтүп жатат. Жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш күндөрү уюштурулуп, борбор калаанын тургундары үчүн туруктуу иштеп турмакчы.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ‒ Министр Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулууда.
Жарманкенин максаты:
- Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү түз колдоо,
- Шаар тургундарын арзан жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу,
- Социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын баасын туруктуу кармоо,
- Ички рынокту туруктуу камсыздоо,
Мындай түз сатуу форматтары төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Ортомчуларды жоюп, бааны төмөн кармоо;
- Дыйкандарга продукциясын түз жана тез сатууга шарт түзүү;
- Шаар тургундары үчүн сапаттуу товарларды жеткиликтүү баада сатып алуу;
- Өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
Жарманке өтүп жаткан даректер
- Т. Усубалиев атындагы аянт
- И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши
- Эркиндик бульвары (Биринчи Май району)
Бул аймактар шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү, инфраструктурасы жакшы түзүлгөн.
Катышуучулар үчүн талаптар:
Жарманкеге катышуучу дыйкандар жана өндүрүүчүлөр төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:
- Продукция таза жана сапаттуу болушу керек;
- Баалар базар баасынан төмөн коюлушу зарыл;
- Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу кат талап кылынат.
Бул талаптар элге сапаттуу жана жеткиликтүү товарларды сунуштоону камсыз кылат.
