Кара-Кулжа районунда жүндү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ачылды
Бүгүн, 2025-жылдын 14-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жүндү кайра иштетүүгө багытталган жаңы ишкана расмий түрдө ачылды. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Болотбеков катышып, куттуктоо сөзүн айтты.
Ишканага колдоо КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Торобаевдин демилгеси менен “30+20+10” программасынын алкагында көрсөтүлдү. Программадан гранттык негизде тандалып алынган жеке ишкер Матаева Айгүлгө “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук Фонду тарабынан 3 860 000 сом көлөмүндө пайызсыз кредит берилди.
Берилген каражаттын ичинен:
- 3 000 000 сом – жүндү кайра иштетүүчү жабдууларды сатып алууга;
- 860 000 сом – ишкердин жүгүртмө каражатына багытталды.
Жаңы өндүрүштүк жабдуулар Россия Федерациясынан сатып алынып, ишкана толук комплектацияланды. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик ишкерге ишкана жайгаштырууга ылайыктуу имарат бөлүп берди.
Ишкананын ишке кириши менен 10 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул Кара-Кулжа районундагы кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө, жергиликтүү тургундардын иш менен камсыз болушуна жана аймактык экономиканын активдешүүсүнө олуттуу салым кошот.
Ачылыш аземине жалпы 100гө жакын адам катышып, ишкананын ишмердүүлүгү жана өндүрүш процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Ошону менен бирге иш-чарага Жалал-Абад, Ош жана Чоң-Алай өңдүү аймактардан келген ишкерлер да катышып, тажрыйба алмашуу жүрдү.
Жаңы “Жүндү кайра иштетүүчү” ишкананын ишке берилиши аймактагы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө жана кайра иштетүү кластерин түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
