Кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген, тобокелдик белгилери бар товарлардын жаңыртылган тизмеги жарыяланды
www
19 май

Кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген, тобокелдик белгилери бар товарлардын жаңыртылган тизмеги жарыяланды

Мамлекеттик салык кызматы кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген, тобокелдик белгилери бар товарлардын жаңыртылган тизмегин жарыялады.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 60 бекитилген токтому менен товарларды жеткирүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилүүчү товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салык базасын аныктоонун жана колдонуунун жаңы тартибине ылайык киргизилди.

Тизмекти жаңыртууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кайрылуулары, ошондой эле тышкы экономикалык иштин ак ниет катышуучулары үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу жана жагымдуу шарттарды камсыз кылуу механизмин өркүндөтүү зарылдыгы эске алынды.

Ошондой эле тизмек салыктык башкарууну талдоонун, айрым товардык топтордун өзгөчөлүктөрүн жана кошумча нарк салыгы боюнча салык базасын төмөндөтүү тобокелдиктерин минималдаштыруу зарылдыгын эске алуу менен түзүлгөн.

Жаңыртылган тизмек төмөнкүлөргө багытталган:

• ишкердик субъекттери үчүн бирдей шарттарды түзүү;

• жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо;

• салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

• товарлардын айрым категорияларына негизсиз салык жүгүн азайтуу.

Документ мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет жана тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларга карата кошумча нарк салыгынын салык базасын аныктоодо колдонулууга тийиш.

Тизмек менен Салык кызматынын расмий сайтындагы “Билим базасы” бөлүмүнүн “Евразия экономикалык бирлиги” бөлүмчөсүнөн таанышууга болот.