Кыргызстандын консолидацияланган бюджети триллионго жетээри болжолдонууда. Өсүшкө эмне себеп?
Кыргызстандын бюджетинин кирешеси барган сайын көбөйүп, 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджет 870 миллиард сомдон ашты. Эгерде андан инфляцияны чыгарганда, реалдуу көрсөткүч 604 миллиард доллардан көп. Анан да тийиштүү кызматтар бюджеттин кирешеси жыл соңуна чейин триллион сомго жетээрин болжолдошууда.
Маалыматтарга караганда, 604,2 миллиард сом таза киреше:
- салыктык кирешелер – 275,35 миллиард сомдон ашуун;
- бажы – 137,9 миллиард сомдон ашуун;
- салыктык эмес кирешелер – 178,6 миллиард сомдон ашкан.
Экономист Бахтияр Игамбердиевдин айтымында, бюджеттин өсүшүнүн башкы себеби – экономиканын стимулдаштырылуусунда жатат.
“Айрым тармактарга жеңилдик берилди, бирок бул казынаны бөксөрткөн жок, тескерисинче, толтуруп жатат. Салык салуунун жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү. Ишкерлер мурдагыдай салык төлөө үчүн кезек күтүп отурушпайт, жеке кабинетине кирип эле аралыктар төлөшөт. Бул дагы жалпы көрсөткүчкө оң таасирин берүүдө. Көпчүлүк жашыруун иштөөнүн ордуна, салык төлөп ачык иштөө маанилүү экенин түшүнүп калышты. Мунун баарын бюджетке киреше алып келип жатат”, – деди экономист.
