“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
14 август

“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тике инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында даярдалган.

Мыйзам мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын камсыз кылуунун кепилдиктерин, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоонун механизмдерин жана инвестициялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган, анда төмөнкү багыттарга жетиштүү белгиленген:

  • реалдуу экономикалык өсүштүн ар жылдык темпин орточо 5 % деңгээлинде камсыз кылуу;
  • калктын жан башына ИДПга 1500 АКШ долларынан кем эмес жетишүү;
  • жумушсуздуктун деңгээлин 5 % деңгээлге чейин төмөндөтүү;
  • ИДПга карата 13 % дан кем эмес көлөмдө түз чет өлкөлүк инвестициялардын ар жылдык агымын камсыз кылуу.