www
16 июль
Кыргызстанда курулуштун көлөмү 1,7 эсеге өстү
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда курулуш тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 208,7 млрд сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге өстү.
Курулуш тармагындагы өсүш негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталды.
Курулуш иштеринин эң чоң көлөмү Бишкек шаарында, ошондой эле Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталды.
Курулуш тармагына турак жайларды куруу, имараттарды капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери, ошондой эле курулуш-монтаждоо жумуштары кирет.
Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча курулуш тармагынын ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) түзүмүндөгү үлүшү 8,5 пайызга жетти.
