Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 960 млрд. сомду түздү
Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча, 2026-жылдын январь-июнунда 960,0 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине 11,9%га жогору.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды.
Мында товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 22,8,%га, кызмат көрсөтүүчү тармактар 6,0%га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 11,7%га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндө кызмат көрсөтүүчү тармактарынын үлүшү 50,1%га туура келип, мурунку жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 4,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33,9%ды түздү жана 4,2 пайыздык пунктка жогорулады. Мында, курулуштун үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыздык пунктка, өнөр жай – 2,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 0,5 пайыздык пунктка кыскарган.
