Кубанычбек Боконтаев Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Сергей Катырин менен жолукту
10 февраль

Кубанычбек Боконтаев Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Сергей Катырин менен жолукту

2025-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Сергей Катырин менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи К.Боконтаев жана Россиянын Палатасынын Президенти С.Катырин соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

С.Катырин Палатанын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын ичинде 130 аймактык Палаталары жана Россиянын 350 шаарындагы кеңселери аркылуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Буга кошумча Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай Палатасы менен түзүлгөн жакшы мамиле жана активдүү өз ара аракеттенүүнүгө канааттануу билдирип, КМШ мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилеринин Кеңеши, ЕАЭБ мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын Консультативдик кеңеши жана башка эл аралык интеграциялык бирикмелердин Ишкердик Кеңештери алкагындагы тыгыз байланыштарды белгилеп кетти.

Элчи К.Боконтаев акыркы 4 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында бул мөөнөттө мамлекеттик бюджеттин 3 эсеге жана салык төлөмдөрүнүн 4 эсеге өсүшү байкалгандыгын өзгөчө белгиледи. Кыргыз-Россия кызматташтыгынын эки тараптуу соода көлөмүнүн, эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн жана кооперациялык-инвестициялык байланыштарынын өсүшүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгиленди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын россиялык инвестицияларга ачык экендигин жана таза инвесторлордун демилгелерин менен долбоорлорун толугу менен колдоого, аларды ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 26 кыргызстандык экспорттоочу компаниянын катышуусу менен “Продэкспо-2025” эл аралык көргөзмөсүндө ачылган Кыргызстандын Улуттук экспозициясы менен активдүү башталган 2025-жылга карай кызматташуу пландары тууралуу пикир алмашып, көргөзмө-жарманкенин ишмердүүлүгү жана өз ара бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы күч-аракеттерге болгон ниеттерин ырасташты.