Комитетте Жол фондунун ишине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды
14 апрель

Комитетте Жол фондунун ишине байланышкан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жаныбеков тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты автомобиль жолдорун өнүктүрүүдө Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, транспорттук инфраструктуранын сапатын жогорулатуу, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин стимулдаштыруу жана кесипкөй кадрларды тартуу, ошондой эле Жол фондунун киреше бөлүгүн көбөйтүү жана жол тармагын өнүктүрүүгө комплекстүү мамилени камсыз кылуу үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү ички жолдорду өнүктүрүү, жол инфраструктурасын модернизациялоо, жол тейлөө ишканаларын жетиштүү деңгээлде техника менен камсыз кылуу, ошондой эле жол тармагына туруктуу инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Алсак, депутаттар Махабат Мавлянова жана Бурул Аманова курулуп жаткан жолдордун сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти. Ал эми эл өкүлү Илимбек Кубанычбеков кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жол тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана транспорттук системаны натыйжалуу башкарууга байланышкан маселелерди көтөрдү. Өз кезегинде депутат Уланбек Жаанбаев салмак-габариттик көзөмөл системаларынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн бул процесстерди санариптештирүүнү сунуштады.