Нарын облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылууга 38,8 млн доллар бөлүнөт
Бүгүн, 10-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Бул багытта депутаттарга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмазбек Сокеев маалымат берди.
Программанын алкагында долбоордун 1 этабы менен 43 айылдын долбоордук-сметалык документтери жана 20 айылдын курулуш-монтаждоо жумуштары ишке ашырылды. Курулуш жумуштарын жүргүзүүнү талап кылган калган Нарын облусундагы 23 айыл үчүн Азия өнүктүрүү банкы кошумча каражат бөлүү тууралуу чечимин кабыл алды.
Кошумча каржылоо үчүн бюджет 38,8 миллион АКШ долларын түзөт. Алардын ичинен: Кредит 27,0 млн. АКШ доллары; Грант - 5,35 млн АКШ доллары; Кыргыз Республикасынын каржылоосу 6,45 млн АКШ доллары (жумуштарды, салыктарды жана алымдарды кошкондо). АӨБдүн кредиттөөнүн финансылык шарттары: кредиттин мөөнөтү 32 жыл, анын ичинде 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт, жеңилдетилген мезгилде жылына 1,0% пайыздык чен менен, андан кийин 1,5%.
Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын жаңыларын курууга жана иштеп жаткандарын реабилитациялоого, санитардык шарттарды жакшыртууга, жергиликтүү тазалоочу курулмаларды орнотууга багытталат.
Талкууда учурунда депутат Алишер Эрбаев кезегинде долбоор аркылуу ишке ашырылган Ала-Бука районунун бир катар айылдарында азыркыга чейин таза суу чыгарылбаганын белгиледи.
«Аймакта таза-суу чыгарууга коротулган акчалардын натыйжасы жок, кызыл тасмасы кесилген айрым жерлерде азыр суу чыкпай калды», – деди ал. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы каржылоонун биринчи этабында курулуш бүткөн Нарын облусундагы айылдар боюнча маалыматтарды тактап, курулуштун сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурду. Ушул эле маселеге көңүл бурган комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев бүткөн курулуштарды кабыл алууда жергиликтүү бийлик менен суу ресурстары кызматы биргеликте жоопкерчилик тартарын эске салды.
