Кыргызстанга уруктун 270 миң дозасы жеткирилет
Кыргыз Республикасынын мал чарбасын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында республикалык бюджеттен 60 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка Россия Федерациясынан Швиц, Абердин-Ангус, Голштино-Фрис породаларынын, ал эми Швейцариядан Симментал породасынын жогорку сапаттагы бука уруктары сатып алынууда.
Учурда уруктардын экинчи партиясы өлкөгө жеткирилүүдө. Мындан мурда келген биринчи партия Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы техник-уруктандыруучуларга таратылып берилген.
Пландын негизинде 2025-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы 270 миң доза уруктук материал республикага жеткирилет. Бул материалдар өлкөдөгү бардык техник-уруктандыруучуларга акысыз берилет. Ошондой эле уруктарды сактоо үчүн зарыл болгон суюк азот дагы акысыз камсыздалат.
Бул демилге мал чарбасындагы генетикалык потенциалды жогорулатып, сүт жана эт багытындагы асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө, фермерлердин кирешесин арттырууга жана айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
