Бакыт Төрөбаев “Тулпар Моторс” авто өндүрүш заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районуна иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен “Тулпар Моторс” авто заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Эске салсак, заводдун расмий ачылышы 2024-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин онлайн катышуусу менен өткөн.
Проект Кыргызстан Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде ишке ашырылып, өлкөдө автомобилдердин жеңил жана коммерциялык түрлөрүн чыгарууну көздөйт. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны, кийинки этаптарда 30 миң даанага чейин жеткирүү пландалууда. Завод ишке кириши менен 1000ден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын жалпы аянты 4,5 гектарды түзүп, курулуш иштери 2023-жылдын май айында башталган.
“Тулпар Моторс” заводунда чыгарылган автоунааларды сатып алууну колдоо максатында “Жеңилдетилген автонасыя” программасы ишке киргизилген.
втокредиттер төмөнкү шарттар менен берилет:
- Пайыздык чен – 8% жылына,
- Баштапкы төлөм – 20%,
- Кредитти берүүчү банктар – “Элдик Банк” жана “Айыл Банк”.
“Тулпар Моторс” заводу Кыргыз Республикасынын автомобилдерди өндүрүү тармагында жаңы баракты ачып, өлкөнүн өнөр жай потенциалын кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт. Жалпы инвестиция көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзүп, долбоор үч этапта ишке ашырылууда.
