Жалал-Абад облусунда жаңгак жана жемиш кластерин түзүү долбоору талкууланды
24 январь

Жалал-Абад облусунда жаңгак жана жемиш кластерин түзүү долбоору талкууланды

Жалал-Абад облусунда аймактын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңгак жана жемиш кластерин түзүү долбоору эксперттик жумушчу топтун катышуусунда талкууланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, тармактык адистер, илимий кызматкерлер жана эксперттер катышып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоого байланыштуу негизги маселелер каралды.

Облус башчысы өз сөзүндө жаңгак аянттарын сактоо, көбөйтүү жана коргоо, ошондой эле продукцияны кайра иштетүү багытында конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал бул процесске илимий адистердин тартылышы долбоордун узак мөөнөттүү туруктуулугун жана экономикалык натыйжалуулугун камсыз кыларын белгиледи.

Жыйындын негизги максаты, Жалал-Абад облусундагы 2000ден ашуун фермерге реалдуу пайда алып келе турган, экономикалык жактан негизделген, туруктуу жаңгак жана жемиш кластерин түзүүгө багытталган сапаттуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу экени айтылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 35 миң гектардан ашуун жаңгак токой аянты бар. Алар негизинен Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунун аймактарында жайгашкан. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча облус аймагынан жаңгак жана жаңгак маңызынын экспорту 1 млрд 347 млн сомдон ашкан. Ал эми 2025-жылдын январь–сентябрь айлары аралыгында 3,8 млн килограмм жаңгак экспорттолгон.