Кыргыз меймандостугу жана жасалма интеллект. Германияда туристтик көргөзмө өтүүдө
Германия Федеративдүү Республикасында 2025-жылдагы эң маанилүү дүйнөлүк туристтик көргөзмөлөрдүн бири ITB Berlin ачылды. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргыз Республикасынын улуттук стендин уюштуруп 12 мекендеш туризм компанияларын тааныштырат.
Көргөзмөдө биздин стендтти Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Омурбек Текебаев жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев ачты.
Туризмдин өнүгүүсү жана дүйнө өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон кызыгуусу тууралуу пикир айткан Омурбек Текебаев кызыктуу сандарды келтирди: «2024-жылы туристтик тармак 1 миллиард доллардан ашык киреше алып келип, өлкөбүздүн ИДӨсү 6-7% түздү. Кыргызстанга 8,6 миллион турист келген, ал эми өлкөнүн калкы 7,1 миллионду түзөт, демек, ар бир жаранга 1,2 турист туура келет. Биз туристтердин Кыргызстанда узак убакыт болушун жана көп акча сарпташын камсыз кылышыбыз керек».
Чет өлкөлүк туристтерди тартуу – Кыргыз Республикасынын улуттук стендин катышуучуларынын негизги милдети. Туризм фондунун өкүлдөрү жана туристтик операторлор көргөзмөгө келгендерге өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, аларга кыргыз маданияты жана конок кабыл алуусунун атмосферасына кирүүгө мүмкүнчүлүк беришет. Стендде көптөгөн жолугушуулар өтүүдө. Жаңы дизайн менен жасалган павильон, туристтик компаниялардын өкүлдөрү тарабынан жогору бааланган, чет өлкөлүк кесиптештер менен ыңгайлуу жана натыйжалуу баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул жылы ITB Berlin көргөзмөсүндө чоң ишкердик программа уюштурулган, 400дөн ашык эл аралык спикерлер саякат индустриясындагы тенденциялар, инновациялар жана келечектеги проблемалар тууралуу сөз кылышат. Эң негизги көңүл технологияларга, айрыкча жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган.
ITB Berlin 2025 көргөзмөсү 6-мартка чейин уланат.
