Кыргызстанда күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү сорттору себилди
Бүгүн, 3-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз мамлекеттик асыл тукум мал чарба заводунун 200 гектар айдоо аянтына күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү сортторун септи. Бул демилге айыл чарба тармагында жаңы технологияларды жана илимий негизделген ыкмаларды кеңири колдонуу аркылуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Иш-чаранын негизги максаты - дыйкан чарбаларда жана мамлекеттик айыл чарба ишканаларында заманбап үрөнчүлүк системасын өнүктүрүү, жогорку сапаттагы үрөн фондун түзүү жана буудай өндүрүүнүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Ошондой эле, бул аракет өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыз кылууга багытталган.
Себүү иштери Министрликке караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти, Өсүмдүктөрдү коргоо, химиялаштыруу жана карантин департаменти жана Кыргыз айыл чарба илим-изилдөө институту тарабынан жүргүзүлдү.
Бул мекемелер күздүк буудай себилген талаада тажрыйбалык иштерди жүргүзүп, өсүмдүн өнүгүү баскычтары боюнча илимий-методикалык колдоо көрсөтүшөт. Алар түшүм алуу мезгилине чейин агротехникалык иш-чараларды кошо жүргүзүп, алынган натыйжалар боюнча илимий талдоо жана баалоо жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, бул иштердин алкагында жер семирткичтерди, үрөндөрдү жана сугаруу системасын оптималдаштыруу боюнча жаңы ыкмалар апробациядан өткөрүлөт. Бул келечекте республикадагы башка чарбалар үчүн үлгүлүү модел катары кызмат кылмакчы.
Кыргыз мамлекеттик асыл тукум мал чарба заводу бул демилге айыл чарба тармагындагы илим менен өндүрүштүн өз ара кызматташуусуна чоң салым кошот деп ишенет.
