Депутаттар Брюсселде Жогорку Кеңеш менен Европа Парламентинин кызматташтык отурумуна катышты
Жогорку Кеңештин депутаттары Лейла Лурова, Гүлшаркан Култаева, Гуля Кожокулова, Жылдыз Садырбаева Брюссель шаарында Жогорку Кеңеш менен Европа Парламентинин ортосундагы Парламенттик кызматташтык комитетинин 17-отурумуна катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде саясий диалог, соода-экономикалык алакалар, аймактык туруктуулук, экология, билим берүү жана адам укуктарын коргоо маселелери талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу соода маселелери жана Кыргызстандын экономикасына европалык инвестицияларды тартуу жолдору каралды. Европа Биримдиги GSP+ программасына колдоо көрсөтөрүн ырастап, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Европа базарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Тараптар экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Европа Биримдиги Кыргызстандагы экологиялык жана климаттык долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирди.
Тараптар билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташтыкты белгилешип, Erasmus+ программасынын алкагында академиялык алмашууларды жана кыргыз студенттеринин Европа университеттеринде окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ниеттенгендиктерин билдиришти.
Жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, экономикалык жана социалдык байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө жана өнөктөштүккө негизделген саясий диалогду улантууга берилгендиктерин ырасташты.
