Бишкекте "Риха" ЖЧКсынын продукциясын техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо маселелери талкууланды
23 январь

Бишкекте "Риха" ЖЧКсынын продукциясын техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо маселелери талкууланды

Бишкекте 21-январда «Риха» ЖЧКнын демилгеси менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле «Адал-индустрияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасындагы адал-индустрия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары, лицензиялоо маселелери, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык продукциянын шайкештигин декларациялоо тартиби жана андан кийинки адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо үчүн сертификациялоо жол-жоболору боюнча  түшүндүрмөлөр берилип, талкууланды.

Өзгөчө көңүл өткөн жылы «Риха» ЖЧКнын продукциясынан чочконун ДНКсы аныкталган фактыга байланыштуу маселеге бурулду. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2025-жылдын 9-декабрында «Адал-индустрияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, «Риха» ЖЧКнын жана «Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлгөн.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча «Риха» ЖЧК тарабынан тиешелүү оңдоочу жана алдын алуучу чаралар комплекси ишке ашырылган. 2026-жылдын январь айында кайталап жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында продукцияда чочконун ДНКсынын жоктугу тастыкталды.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө келип, ата мекендик продукцияны илгерилетүү маселелери боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын ырасташты. Азыркы учурда келип чыккан бардык маселелер укуктук талаанын алкагында гана чечилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өз кезегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишкердикти өнүктүрүүгө жана ишкердик иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган комплекстүү колдоо көрсөтүүнү улантат.