Манас районунда жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейди
14 август

Манас районунда жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейди

Талас облусунун Манас районунда 2025-жылдагы чыктуу тоют камдоо өнөктүгү башталды. Бул иштер мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

2024-жылы район аймагында жалпы 8 миң тонна чыктуу тоют бастырылган болсо, быйылкы жылы анын көлөмүн 12 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу олуттуу өсүштү билдирет. Аталган максатка жетүү үчүн 2025-жылы жүгөрү айдоо аянты 400 гектарга кеңейтилди. Бул айыл чарба ээлерин заманбап технологияларды колдонууга жана өндүрүштү көбөйтүүгө түрткү берди.

Учурда түшүмдүүлүк гектарынан орточо 400–450 центнерди түзүп, план боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздоодо. Манас районундагы агрардык тармакты өнүктүрүү багытындагы мындай иштер жергиликтүү калкты сапаттуу тоют менен камсыз кылууга, мал чарбачылыгынын туруктуу өсүшүнө жана жалпы экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө.