СПЕКА форумунда аймактык өз ара байланышты өнүктүрүү маселелери талкууланды
21–22-январда Ашхабад шаарында СПЕКАнын Экономикалык форуму өтүп жатат. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов аймактык өз ара байланышты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында катышууда.
Өз сөзүндө Медербек Туманов «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Өзбекстан Республикасы менен чектеш өткөрүү пунктунда e-TIR системасын колдонуу боюнча пилоттук долбоордун ийгиликтүү ишке киргизилиши жана «Достук» өткөрүү пунктунда «Электрондук өткөрүү пункту» долбоорунун ишке ашырылышы баса белгиленди.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү багытында алдыңкы санариптик жана туруктуу чечимдерди киргизүүгө багытталган пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда активдүү өнөктөш болууга даяр экендигин билдирди. Бул багытта электрондук системаларды жана чек ара аралык өз ара аракеттенүүнүн заманбап механизмдерин өнүктүрүү эл аралык жана аймактык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөрү белгиленди.
Маалымат үчүн:
Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасы (СПЕКА) 1998-жылдын 26-мартында Ташкент декларациясынын негизинде түзүлгөн. Программанын негизги максаты – СПЕКА аймагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү алкагында катышуучу мамлекеттерди дүйнөлүк экономикага интеграциялоо.
