Долбоордун наркы $260 млн. Ноокатта жер семирткич чыгаруучу завод курулууда
Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагында органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу завод курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-январда облус башчысы Аманкан Кенжебаев курулуш иштери менен жеринде таанышкан.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор «Органикалык жер семирткичтердин технопаркы» деп аталып, курулуш иштери төрт этап менен жүргүзүлөт.
Учурда биринчи этаптын курулушу 50 пайызга жакындап, завод курула турган аянтка электр линиялары тартылып, трансформатор орнотулуп жана инвесторлор тарабынан жабдууларды орнотууга шарт түзгөн атайын имарат салынган.
Кытай инвесторлору тарабынан,2024-жылдын 25-ноябрында 15 млн АКШ долларлык жабдуулар келип түшүп, учурда алар орнотулуп бүтүп калган.
Өндүрүштү 2025-жылы ишке киргизүү пландалган, бирок айрым себептерден улам курулуш жумуштары созулуп кеткен. Облус жетекчиси инвесторлордун өкүлүнөн курулуш иштери боюнча кенен маалымат алып, жаралган маселелерди талкуулады.
Белгилей кетсек, заводдун биринчи этабы ишке кирсе, жылына 100 миң тонна органикалык жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана жаңы жумуш орундар пайда болот.
Заводдун жалпы долбоордук наркы — 260 млн доллар. Долбоор төрт этап менен ишке ашырылат
