Республика боюнча 182 машина-трактордук станция уюштурулду
Ар бир райондо агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү планына ылайык, республика боюнча жалпы 182 МТС уюштурулду. Алардын 62си – муниципалдык, 120сы – жеке менчик.
2025-жылдын 10 айында республика боюнча кошумча 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке менчик МТС ишке кирди. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырганда 16 пайызга өстү. Натыйжада 65 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын базасында 2025-жылдын 9-январында мамлекеттик МТС ишке кирди. Ал айылдык товар өндүрүүчүлөргө агротехникалык жана механизациялык кызмат көрсөтүүдө.
Мындан тышкары, дагы бир мамлекеттик МТСти Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагындагы “Сельэнерго” ишканасынын базасында ачуу пландалууда. Тендер аркылуу 50дөн ашык айыл чарба техникасын сатып алуу каралган. Учурда алардын 20дан ашыгы алынган.
МТСтин толук кандуу иштеши үчүн техникаларды сатып алуу менен катар, имараттарды оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Жаңы мамлекеттик МТСтин ачылыш аземи 2025-жылдын 15-ноябрына белгиленген.
