Манас шаарында 721 миң сомдук мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды
23 январь

Манас шаарында 721 миң сомдук мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды

Манас шаарынын аймагында тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташты.

Тактап айтканда, Манас шаарынын борбордук базарынын аймагындагы жашыруун жайлардын биринен 6 миң 12 куту тамеки продукциясы табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жалпы баасы 721 миң 440 сомду түздү.

Табылган тамеки продукцияларынын тийиштүү коштомо документтери жана акциздик маркалары болгон эмес.

Бул факты боюнча жеринде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алгачкы процессуалдык документтер таризделди. Учурда текшерүүнүн материалдары тийиштүү укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүү үчүн даярдалууда.