Тармактык комитет аба электр линиясын куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
14 апрель

Тармактык комитет аба электр линиясын куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Кемин» подстанциясы менен жаңы «Балыкчы» подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда жактырылды.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, «Кемин-Балыкчы» АЧ-500 кВ электр берүү линиясын жана «Балыкчы» КЧ-500 кВ жаңы көмөк чордонун куруу долбоору улуттук энергетика тутумунун туруктуулугун жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, учурдагы 220 кВ линияларынын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу чектөөлөрдү жоюуга, ошондой эле Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан кайра жаралуучу энергия булактарынын (күн жана шамал генерациясы) жаңы объекттеринин кубаттуулугун камсыздоого багытталган.

Долбоордун жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт (61,7 млн евро – кредит, 3,0 млн евро – грант, ошондой эле 3,0 млн евро грант тендердик документтерди даярдоо, көзөмөлдөө жана долбоорду башкаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө техникалык жардам түрүндө). Кредит (насыя) 20 жылга, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Чолпон Эсенаманова мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Ысык-Көл облусунда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү үчүн кандай конкреттүү шарттар түзүлөрүн, ошондой эле жакынкы жылдарда кандай натыйжалар күтүлөрүн сурады. Эл өкүлү муну менен катар жаңы жумуш орундарын түзүү маселесин да көтөрдү. 

Депутат Жаныбек Аматов долбоордун алкагында консультациялык кызматтарды төлөөгө байланыштуу суроо узатса, депутат Адилет Белеков долбоорду ишке ашыруу жана аяктоо мөөнөттөрүн тактады.