Өзбекстан жыл башынан бери $6 млрд инвестиция тартты
5 март

Өзбекстан жыл башынан бери $6 млрд инвестиция тартты

Өзбекстан жыл башынан бери 6 млрд lдоллар чет элидек инвестиция жана насыя тартты. Бул тууралуу жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылуу, инвестиция жана экспорт көрсөткүчтөрү боюнча жыйында айтылды. 

Презентацияда айтылгандай, 574 млн долларга 1,1 миң чакан жана орто долбоор ишке ашырылган. Бул өз кезегинде жаңы 17 миңден ашуун жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берген.

Товарлардын жана кызматтардын экспорту 2,8 млрд долларды түзгөн: зергер буюмдардын экспорту былтыркы жылга салыштырмалуу 7 эсеге өскөн, химия өнөр жайында — 1,7 эсе, электротехника жана тамак-аш өнөр жайында — 1,2 эсе, туристтик кызмат көрсөтүү секторунда — 1,6 эсе өсүү болгон. 

132 ишканага эл аралык стандарттар киргизилип, 521 ишкана биринчи жолу тышкы рынокко чыгып, февралда 183 миллион долларлык товарды эскпорттогон.