Салык кызматы тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрүнө окутуу өткөрдү
26 ноябрь

Салык кызматы тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрүнө окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн өкүлдөрүнө салык сабаттуулугун жогорулатууга жана электрондук салык сервистерин колдонуу көндүмдөрүн кеңейтүүгө багытталган окутуу семинарын уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери электрондук салык кызматтары менен иштөөнүн кадамдык алгоритмин сунушташты.

Катышуучуларга Салык төлөөчүнүн кабинетине онлайн кирүү мүмкүндүгүн алуу жол-жоболору, салык органдарына барбай эле электрондук сервистерди колдонуу, ошондой эле Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу авторизациялоо тартиби боюнча кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, катышуучулар тигүү жана текстиль тармагындагы салык салуунун негизги аспектилери боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты. Иш жүзүндө жалданма кызматкерлерди эске алуу менен киреше салыгын эсептөө, бирдиктүү салыкты колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле окутуунун жүрүшүндө Салык кызматынын адистери чет өлкөлөргө экспорттоодо зарыл болгон документтерди, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды тариздөөгө карата талаптар жөнүндө айтып беришти.

Белгилей кетсек, Салык кызматы салык мыйзамдары тууралуу билимди жогорулатууга жана электрондук салык сервистерин колдонууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп турат.