Таалай Базарбаев Италиянын Өнүктүрүү Кызматташтык Агенттигинин директору менен жолукту
21 февраль

Таалай Базарбаев Италиянын Өнүктүрүү Кызматташтык Агенттигинин директору менен жолукту

2025-жылдын 20-февралында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Өнүктүрүү кызматташтык агенттигинин директору Марко Риккардо Рускони менен жолугушту.

Тараптар өнүгүү жаатындагы долбоорлорду жана демилгелерди биргелешип ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Жолугушууда директор М.Р. Рускони италиялык тарап Кыргызстанды экономикасы өнүгүп жаткан жаңы эл аралык өнөктөш катары карай турганын билдирди. Ушуга байланыштуу ушул жылы Италия өкмөтүнүн Кыргызстанда социалдык жана экологиялык өнүгүүнү, ошондой эле элдин жашоо шарттарын жакшыртуу максатында мындан ары ишке ашыруу боюнча долбоорлорду бекитүүсү күтүлүүдө.

Элчи Т.Базарбаев италиялык тарапка бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары айыл чарба, медицина, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген багыттар боюнча мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.