Ноокенде “Брисколино" помидору мол түшүм берди
14 август

Ноокенде “Брисколино" помидору мол түшүм берди

Ноокен районунун Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылында жайгашкан “Дыйкан-Ордо” логистикалык борбору быйыл пилоттук негизде “Брисколино” сортундагы помидорду 0,80 гектар аянтка эккен.

Эрте бышып, жогорку даам сапаты жана кооз түсү менен айырмаланган бул помидор сорту жаңы жыйноо технологияларынын негизинде өстүрүлдү.

Азыркы күнгө чейин аталган аянттан 30 200 килограмм түшүм алынып, түзүлгөн келишимдин негизинде “Сонун” кайра иштетүү ишканасына жөнөтүүгө даярдалууда.

Мындан тышкары, борбордун демилгеси менен 60 миң даана күзүндө эгилүүчү “Альба”, “Азия” жана “Априка” сортторундагы кулпунай көчөттөрү, ошондой эле “Билко” сортундагы капуста көчөттөрү даярдалып, жергиликтүү дыйкандарга жеткирүүгө камылга көрүлүүдө.