
Иш берүүчүлөр чет элдик жумушчулар үчүн кайтарымсыз кепилдик төлөмдү төлөшөт
Министрлик 2025-жылдын 1-январынан баштап "Бирдиктүү уруксатты" тариздөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө эскертет.
Өзүнө иштөөгө уруксатты жана эмгек визасын камтыган, бул документ "Электрондук виза" порталы (www.evisa.e-gov.kg) аркылуу таризделет.
Чет өлкөлүк кызматкерлердин уруксат берүүчү документтерин алуу жаңы механизми чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квотаны бөлүштүрүү боюнча маселесинин комиссиялык кароосун жоюп, азыр колдонулуп жаткан көп баскычтуу жол-жоболорду жокко чыгарат жана кайрылуулардын кароо мөөнөтүн 7 жумушчу күнгө чейин кыскартат.
"Бирдиктүү уруксатты" тариздөө максатында арыз берүү үчүн талапкерлер милдеттүү түрдө Жеке кабинетин каттоодон өткөрүп, талап кылынган документтерди жүктөп, эмгек визанын жана жумушка уруксаттын наркын кошуу жолу менен түзүлгөн жаңы уруксаттын наркын онлайн режиминде төлөшү зарыл.
Ошондой эле иш берүүчүлөр үчүн "кепилдик төгүм" деген жаңы түшүнүк киргизилүүдө - алардын жоопкерчилигин күчөтүү жана чет өлкөлүк жумушчунун Кыргызстанда болушунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында кайтарылбай турган сумма.