
Кыргызстан менен Малайзия сооданы көбөйтүү маселесин талкуулашты
2024-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министри Мохамад Сабу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы айыл чарба, мал чарбачылыгы жана балык уулоо жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Ошондой эле аталган тармактарда өз ара кызматташтыкты чыңдоо боюнча мамлекеттик келишимге кол коюу кызыкчылыгы ырасталды.
Тараптар өлкөлөрдүн ортосунда айыл чарба товарлары менен сооданы көбөйтүүнүн, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты, анын ичинде адал өндүрүш тармагын стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.