Үч-Коргон ГЭСнин экинчи гидроагрегаты туруктуу түрдө электр энергиясын өндүрүп жатат
Энергетика министрлигинин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан өлкөдөгү гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана реабилитациялоо программасынын алкагында, Үч-Коргон гидроэлектростанциясында экинчи гидроагрегаттын капиталдык ремонту жана толук модернизациясы ийгиликтүү аяктап, учурда агрегат туруктуу түрдө электр энергиясын өндүрүп жатат.
Бул иш-чара өзгөчө маанилүү: Экинчи гидроагрегат станция эксплуатацияга берилген 1962-жылдан бери биринчи жолу мындай көлөмдөгү капиталдык ремонттон жана толук алмаштыруудан өттү.
Реконструкциянын жүрүшүндө:
• Турбинанын жана генератордун негизги түйүндөрү толугу менен алмаштырылды;
• Автоматика, муздатуу, май басымы жана башкаруу системалары заманбап үлгүгө жаңыртылды;
• Дүйнөлүк алдыңкы технологиялар киргизилип, станциянын ишенимдүүлүгү жана эффективдүүлүгү бир кыйла жогорулады.
Жаңы гидроагрегаттын орнотулган кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка чейин өсүп, 9 МВтка көбөйдү. Агрегат азыр электр энергиясын туруктуу жана жогорку көрсөткүчтөр менен берүүдө. Бул Үч-Коргон ГЭСтин жалпы өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот. Модернизациянын негизги иштери Кытайдын CNEEC компаниясы тарабынан генподрядчик катары аткарылды.
Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинде станциянын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун дагы жогорулатуу максатында төмөнкү иштер активдүү жүрүп жатат:
• ГА №3 – статордун темир пакетинин жана 9 (ЖЧИ) стержендердин кемчиликтерди аныктоо иштери (дефектоскопиясы) – 11,0 % аткарылды;
• РЗ ДВ №5 жана №6 – төмөнкү бьефтеги рабочий затворлордун монтаждары – 14,5 % аткарылды;
• Станциянын май чарбасы – антикоррозиялык иштер – 54,1 % аткарылды;
• Станциянын жарыктандыруу системасы – жабдууларды орнотуу жана кабель прокладка – 7,5 % аткарылды.
Үч-Коргон ГЭСин пландуу модернизациялоо – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн негизги багыты.
