Россия Кыргызстанда автоунаа чыгарууну пландоодо
6 сентябрь

Россия Кыргызстанда автоунаа чыгарууну пландоодо

Россия Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүн жолго коюу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу «Известия» гезитине берген маегинде Россиянын Өнөр жай жана соода министринин орун басары Роман Чекушов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн россиялык технологияларды, өндүрүшчүлөрдү жана инвесторлорду тартууга кызыкдар.

«Россияда өнөр жай өндүрүшүнүн деңгээли жогору, ал эми биздин коңшулар биздин товарларды сатып алууга кызыкдар. Ошол эле учурда өнөктөш өлкөлөр продукцияны өз аймагында чыгарууну көздөшөт жана бул көп учурда товарларды сатуудагы негизги шарттардын бири болуп саналат. Бул дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган тажрыйба», – деп белгиледи Чекушов.

Азыр Кыргызстанда жеңил автоунаа чыгаруучу бир россиялык компания менен пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланууда. Бул долбоордо өлкөдөгү суроо-талап изилденип, өндүрүштү натыйжалуу жолго коюу мүмкүнчүлүктөрү каралат. Машинелер такси кызматтары үчүн же Кыргызстанда кеңири колдонулган оң рулдуу автоунааларды алмаштыруу максатында чыгарылышы мүмкүн. Мындан тышкары, продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо да пландаштырылууда.

Автоунаа өндүрүшүн Кыргызстанда жайгаштыруу өлкөгө өз өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, транспорттук машина куруу жана ага байланыштуу тармактарды кеңейтүүгө жол ачат.