Импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр үчүн белгиленген баадагы товарлардын жаңы тизмеси
21 февраль

Импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр үчүн белгиленген баадагы товарлардын жаңы тизмеси

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 23-февралынан тартып ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоочулар, ошондой эле республиканын аймагында товар өндүргөн ишкерлер үчүн белгиленген баалары бар товарлардын жаңы тизмеси күчүнө кирерин маалымдайт.

Буга чейин, КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы токтомуна ылайык, товарларды импорттоонун салык салынуучу наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына товарларды импорттоону жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө гана колдонулган.

КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы токтомунун алкагында кошумча нарк салыгынын салык базасын аныктоонун жана колдонуунун жаңы тартиби бекитилген, анда бул тартип импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркын гана эмес, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын жеткирүүнүн салык салынуучу наркын да камтыйт.