Кыргызстан-Россия биргелешкен ишканалардын 32 пайызы гана иштөөдө. Эмнеге?
2024-жылы Россиядан Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү 1,21 миллиард долларга жеткен. Бул өлкө ИДПсынын 6,9 пайызын түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда Россиянын катышуусундагы 1823 ишкананын капиталы бар, анын ичинен 32 пайызы учурда иштеп жатат.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эмнеге учурда 1823 ишкананын 32 пайызы гана иштеп жатканын мындайча түшүндүрдү:
“Бизде облус, район, айылдарда айрым жеке ишкерлер өз ишин жакшы алып кете албайт. Акчаны алышат, бирок жыйынтыгын чыгара албай кыйналышат. Ошондуктан ишкерчилик жаатында элге дагы жакшылап үйрөтүү керек. Азыр жаңы ыкмалар, технологиялар чыгууда. Ошол эле айыл чарбасында, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө. Биз ушул боюнча артта калуудабыз. Менин билишимче, бул маселеге россиялыктар да көңүл буралы деп жатышат”, – деди ал.
Айтымында, ал Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп жүргөндө, Кыргызстанда Россияга мөмө-жемиш, эт жүктөп барган ишкерлер көбүнчө көлөм жагынан аксашчу.
“Ашып кетсе 2 фура продукция алып барышат. Базарга тапшырайын десе, баасын ылдый айтышат. А башка жактарга тапшыруу үчүн чоң көлөм керек. Айласы кеткен ишкер элчиликке кайрылат. А биз мигранттардын лидерлерине кабар берсек, алар заматта сатып кетишчү. Россиянын рыногу чоң да, 2 фура эмес, 100 фура алганга даяр. Биз кайра иштетүү тармагын өнүктүрүп, Россия рыногун мөмө-жемиш, эт азыктары менен камсыздасак болот”, – деди Жекшенкулов.
