Касымалиев эл аралык облигация чыгаруу боюнча: Мамлекет компанияларга эл аралык фондко чыгууга жол ачып берди
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир жыл мурда аталган кызмат ордуна киришип жатып чакан жана орто ишкерчиликти өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшайм деп сөз бергенин билдирди.
Айтымында, чакан жана орто ишкерчилик канчалык өнүксө, элдин жашоо-турмушу да ошончолук оңолот. Ага байланыштуу эки программаны кабыл алышкан: колдоо жана арзан кредит.
“10 миллиард сомго жакын каражат 11 миңден ашуун чакан ишкерлерге берилди”, – деди Касымалиев.
Ошондой эле дагы бир чоң маселе – бул инвестиция тартуу.
“Өсүштү кармаш үчүн инвесторлорго муктажбыз. Өндүрүштү көбөйтүп, жаңы ишканаларды, завод-фабрикаларды курушубуз керек. Ошондуктан инвестицияга көңүл бурдук. Жаңы мыйзамдын негизинде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин макамы жогорулатылды. Эми иш алдыга жылат деп ойлойм. Президентибиз Садыр Жапаров: “Инвестор биздин артыбыздан эмес, биз инвесторлордун артынан жүгүрүшүбүз керек”, - деп айткан. Биз инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Азыр чоң инвесторлорду өзүм кабыл алам, тийиштүү органдарга тапшырма берем”, – деди.
Ошондой эле коомчулуктун сынында калган эл аралык облигация чыгаруу боюнча да маалымат берди.
“Кыргызстан биринчи жолу эл аралык фондго чыгып, 700 миллион долларга эл аралык облигация чыгарды. Инвесторлордон бизге 2,1 миллиард сомго алабыз деген кагаздар түштү. Бирок биз азырынча 700 миллионго алдык. Ооба, муну сындагандар көп болуп жатат. Бирок анын өлкө үчүн мааниси абдан чоң экенин түшүнүү керек. Компаниялар эл аралык фондко чыгышы үчүн мамлекет биринчи эл аралык стандартка чыгышы керек. Ал чыкмайынча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалар чыга алышпайт. Биз аларга жол ачып бердик. Учурда “Мегаком”, “Манас”, “Кумтөр” даярданып жатышат. Буга өлкөнүн кредиттик рейтинги жогорулаганы да өз таасирин берди. Учурда биз BI+ рейтингин алдык. Алдыда ушуну менен токтоп калбай, аны дагы жаңылоого аракет жасайбыз”, – деди Адылбек Касымалиев.
