Жекшенкулов: Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду капиталын 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо
26 ноябрь

Жекшенкулов: Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду капиталын 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо

Россия президенти Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Орус президентинин кыргыз жергесине келиши кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачаары жана алдыда эки өлкөнүн биргелешкен аракети кандай жыйынтыктарга алып келээри тууралуу эксперт Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Айтымында, ушул жылдын октябрь айында Кыргыз-Россия өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынында, Кыргызстан-Россиянын соода жүгүртүүсү 5 миллиард долларга жеткени белгилүү болгон.

“Эки өлкөнүн кызматташуусунун потенциалы абдан чоң. Анткени эки жыл мурда эле соода жүгүртүү 3 миллиард доллар болчу, а азыр 5 миллиардга жетти. Бул чоң көрсөткүч. Мисалы, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду учурда чакан бизнеске жардам берүү ишинин алкагында, 500 миллион доллар сартпайт. Эми бул сумманы 1 миллиардга жеткирүүнү пландап жатышат. Кыргызстанда Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен 600 ишканасы бар. Бул көрсөткүч дагы көбөйөт”, – деди Жекшенкулов.

Ошондой эле ал Казакстан-Россия, Өзбекстан-Россия атом электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшканын белгилеп, бул Кыргызстан үчүн да маанилүү болоорун кошумчалады.

“Чөлкөм түшүнүп жатат: жыл өткөн сайын климат өзгөрүп, кургакчылык күчөп жүрүп отурат. Мындай шартта электр энергиясын алуу кыйынчылык туудурат. Биздин президент энергетика жаатынан башка мамлекеттерге көз каранды болбой, өз жолубузду өзүбүз түптөйбүз деген аракетти жасоодо. Жыл сайын калктын саны өсүүдө, ишканалар көбөйүүдө, албетте, анан электр энергиясы да көбүрөөк керектелет. Мына ушуга туура багыт – атомдук электр станциясы. Биздин президент да бул тууралуу айтып жатат, Россия да буга даяр”, – деди Аликбек Жекшенкулов.