КРда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы дээрлик эки эсе көбөйдү
26 ноябрь

КРда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын пайдасы дээрлик эки эсе көбөйдү

2025-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 555 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 515 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 18 камсыздандыруу компания иш жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Финансы секторундагы уюмдардын кардарлар базасы 2025-жылдын сентябрь айынын аягында, бир жылда 40%га же 6 миллиондон ашыкка көбөйүп, дээрлик 22 миллионго жетти. Анын кеңейиши, негизинен, мобилдик банкинг системасына туташкан банк кардарларынын санынын өсүшүнө, камсыздандыруу тармагында түзүлгөн келишимдердин санынын көбөйүшүнө, ошондой эле микрофинансылык уюмдар аркылуу онлайн кредит берүү системасынын өнүгүшүнө байланыштуу.

2025-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын суммардык кирешелеринин көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46%га (же 53,1 млрд. сомго) көбөйүп, 168,2 млрд. сомду түздү, бул негизинен Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 64 млрд. сомдон ашык пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда дээрлик эки эсе көп. Пайданын негизги өсүүсү Улуттук банк тарабынан камсыздалды. Финансы секторунун ишканаларынын дээрлик 61%ы пайда алышты, ал эми уюмдардын 15%га жакыны чыгаша тартты.

2025-жылдын 1-октябрына карата коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 524 млрд. сомду ашты, мында кредиттердин жалпы көлөмүнүн 88%ы банктарга туура келди. Кредит берүүнүн негизги багыттары жарандардын керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 37%ы), соода чөйрөсү (22,5%ы), айыл чарба (11,5%ы) жана ипотека (10,3%ы) болду.