«Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоорлорунун болжолдуу баасы $6,2 млрд түзөт
25 август

«Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоорлорунун болжолдуу баасы $6,2 млрд түзөт

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев “Орто Азия инвестициялык холдинг” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен, директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, Башкармалыктын төрагасы ⁠Сур Мухаммет Халук менен бир нече жолу жолугушуу өткөргөн.

Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында «Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу» долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

2025-жылдын 2-августундагы № 662-т Кыргыз Республикасынын Министрел Кабинети тарабынан жактырылган тескемеге ылайык, “Казарман ГЭС каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ачык акционердик коому ортосунда Инвестициялык келишимдерге кол коюлган. Долбоордун болжолдуу суммасы 3 млрд АКШ долларын түзөт. ТЭН жана долбоор толук жасалгандан кийин, КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоордун так суммасы аныкталат.

Ошондой эле, 2025-жылдын 8-августундагы №681-т Кыргыз Республикасынын Министрел Кабинети тарабынан жактырылган тескемесинин негизинде “Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадынын курулуушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ачык акционердик коому ортосунда Инвестициялык келишимдерге кол коюлган. Долбоордун болжолдуу баасы 3,2 млрд АКШ долларын түзөт. ТЭН жана долбоор толук жасалгандан кийин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан экспертизадан өткөрүлүп, долбоордун так суммасы аныкталат.

Аталган документтерге КРнын энергетика министри Т.Ибраев жана «Орто Азия Инвест холдинг» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мюджахит Орен кол койгон.

Мындан тышкары, келишимде социалдык милдеттенмелер да камтылган.

Инвестор 2025-жылдан 2030-жылга чейин 5 (беш) жылдык мөөнөткө жыл сайын 5 (беш) миллион АКШ доллары өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык салыктарды жана жыйымдарды кошкондо) акысыз (демөөрчүлүк) жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Анда инвестор төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • 5 жылдык мөөнөткө (2025–2030-ж.) жыл сайын 5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө социалдык салым, анын ичинен:
  • жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөтүү (ай сайын 1,8 млн. АКШ доллары, 1000 жетим балага 150 АКШ доллары);
  • Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин мамлекеттик органдарын атайын жабдуулары менен жана материалдык-техникалык базасын модернизациялоону каржылоо (3,2 млн. АКШ доллары);
  • ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык программаларына катышуу;
  • Тараптар тарабынан кошумча макулдашылган жардамдын башка формалары
  • Узундугу 340 км болгон 500 кВ электр берүү линиясын куруу. Аны “ КУЭТ” ААКнын балансына өткөрүп берүү;
  • ГЭС курулгандан кийин иштегенге кесипкөй инженер адистерди даярдоо, жумуш орун менен камсыз кылуу;
  • Энергетика министрлигине жана медицина тармагына атайын техникалар менен камсыздоо.

Бүгүн, 25-августта “ОИХ” ААК тарабынан мамлекеттик мекемелерге 30 даана автотехника тапшырылды. Бул жогорудагы көрсөтүлгөн социалдык милдеттенмелердин негизинде берилди.

Маалымат караты: Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында 4 ГЭС бар. «Орто Азия инвестициялык Холдинг» ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:

  • Ала-Буга ГЭСи – 600 МВт
  • Кара-Булуң-1 ГЭСи –149 МВт
  • Кара-Булуң-2 ГЭСи –163 МВ
  • Жалпы кубаттуулугу 912 МВт.

Ал эми Көкөмерен ГЭС каскадынын курамында 3 ГЭС бар.

  • Алар:
  • Каракол ГЭСи – 33 МВт
  • Көкөмерен ГЭСи-1 – 360 МВт
  • Көкөмерен ГЭСи-2 – 912 МВт
  • Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт.