Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундарына арзан көмүр жеткирилди
Ушул тапта Баткен шаарынын көмүр сатуучу түйүндөрүнө жана Баткен районунун айыл аймактарына, Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринен көмүр жеткирилип, элге базар баасынан арзан сатылууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, кара алтындын бир килограммы 7,50 тыйынды түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын ээлери менен жолугуп, калкка арзан көмүрдү шахта ээлери ортомчусуз, түз жеткирүү кызматын көрсөтүү керектигин айткан.
Натыйжада кен казуучулар тарабынан, Баткен шаарына жана Баткен районуна жакынкы аралыкта 20 чоң унаада көмүр жеткирилээри маалым болгон.
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругу кабыл алынып, облустук штабдын курамы жана иш-чаралар планы бекитилген.
Ага ылайык, жер-жерлерде калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюшулган.
