Быйылкы күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Жалал-Абад облусуна 231 миң тонна көмүр керектелет
Жалал-Абад облусунун аймагында көмүрдүн баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул багытта аппарат кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын облус аймагындагы өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери менен биргеликте Манас шаарынын жана Сузак районунун аймагындагы көмүр сатуу жайларында мониторинг жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда облус боюнча 1 килограмм көмүрдүн баасы 5,5 сомдон 8 сомго чейин сатылууда. Текшерүү учурунда сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көмүрдүн баасын туруктуу сактоо жана аны 8 сомдон жогорулатпоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда күз-кыш мезгили үчүн жалпы 231 миң тонна көмүр керектелет. Анын ичинен 24,5 миң тоннасы билим берүү мекемелерине, 5 289 тоннасы саламаттыкты сактоо тармагына багытталат. Калк үчүн жалпы 201,4 миң тонна көмүр талап кылынат.
Учурда облус боюнча көмүр камдоо планы 72 пайызга аткарылды. Облус аймагында 210 көмүр сатуу пункту уюштурулуп, калкты үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо иштери улантылып жатат.
