Ош мэриясынын алдында тоок фермасын ачуу сунушу айтылды
3 ноябрь

Ош мэриясынын алдында тоок фермасын ачуу сунушу айтылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Озгур айылындагы “Коңур жаз” аттуу тоок фермасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Мэр ферманы кыдырып, өндүрүш процессин, тоок багуу технологияларын жана жумуш шарттарын көрүп чыкты. Ал бул тармактагы ишкердиктин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, тоок чарбачылыгы шаар экономикасына салым кошо алаарын белгиледи.

Мындан тышкары, Жеңишбек Токторбаев мэриянын өз алдынча тоок фермасын ачуу сунушун айтты. Бул иш шаарды экологиялык таза жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болоорун кошумчалады.