Кытайда ШКУ саммити өтүп, ага 20дан ашык чет элдик лидер катышат
Кытайда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине 20дан ашык чет элдик лидерлер катышат. Алардын арасында Владимир Путин, Александр Лукашенко, Шавкат Мирзиёев, Садыр Жапаров бар.
Иш-чара Тяньцзинь шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин уланат.
Саммитке ошондой эле эл аралык уюмдардын ондой жетекчиси да катышат.
Бул ШКУнун бүткүл тарыхындагы эң ири жыйын болору, ошондой эле уюмдун Кытайдагы бешинчи саммити өтөрү белгиленди.
