Экономика министрлиги мамлекеттик кызматтардын сапатын текшерүүнү баштады
Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын ички баалоону баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, алгачкы этапта Стандартташтыруу жана метрология борборунун жана Кыргыз аккредитация борборунун иши изилдене баштады.
Негизги милдеттер:
- мамлекеттик органдардын ишиндеги күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо;
- кызматтарды жарандар үчүн ыңгайлуу жана тез кылуу;
- мамлекеттик органдардын ишинде ишенимди жана ачыктыкты жогорулатуу;
- кызматкерлерге кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
- ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.
Ар бириңиз мамлекеттик кызматтардын иши боюнча пикир калтырып же сурамжылоодон өтө аласыз. Сиздин сунуштарыңыз аларды дагы жакшыраак кылууга жардам берет.
Негизги максат — жарандардын муктаждыктарына багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын ачык, жеткиликтүү жана сапаттуу түзүү.
