Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү $1,4 млрд түздү
14 ноябрь

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү $1,4 млрд түздү

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү ушул жылдын алгачкы сегиз айында 21% га өсүп, 1,4 миллиард долларга жеткен.

Айыл чарба соодасынын көлөмү $326 млн жетти (өсүш 42%). Эки өкмөт башчылары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бектенов менен Касымалиев ошондой эле эки өлкөнүн аймагында жайгашкан Хан-Теңири чокусуна тоо туризминин маршруттарын кайра жандандыруу маселесин талкуулашты. Алар президенттердин аракеттеринин аркасында стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге чыгып жатканын белгилешти.