Улукбек Марипов Габон Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчиси Ибрагим Мембороу менен жолукту
4 март

Улукбек Марипов Габон Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Элчиси Ибрагим Мембороу менен жолукту

2025-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы (САП) Элчиси У.Мариповдун Габон Республикасынын САПтагы Элчиси Ибрагим Мембороу менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Габондун ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу саясий жана экономикалык кызматташтыкты орнотуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле туризм тармагындагы кызматташуу потенциалы талкууланды.

Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасы, анын стратегиялык жайгашуусу жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача айтып берди. Ошону менен бирге эки өлкөнүн кызматташтыгын жөнгө салуу максатында Габон Республикасынын Тышкы иштер министринин Кыргызстанга биринчи расмий сапарын үстүбүздөгү жылы уюштурууну сунуштады.

Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө, анын ичинде 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин алдыга жылдыруунун алкагында кызматташуу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосунда сапарларды уюштуруу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.