Министрлик форель экспорттоо менен алектеген ишкерлерди тишелүү процедуралардан өтүүгө чакырат
Кыргызстанда форелдин баасынын туруктуулугу жана суроо-талаптын өсүшү бул багытты келечектүү кылууда.
Кыргызстанда балык чарбачылыгынын, өзгөчө форелдин, продукциясына болгон туруктуу кызыгуу сакталууда. Тармактагы адистердин маалыматына ылайык, форелдин ички базардагы баасы аймакка, жеткирүү шарттарына жана балыктын өлчөмүнө жараша килограммына 600–700 сом болууда.
Ички керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу өлкөдө форель өстүрүүчү чарбалардын саны көбөйүп, өндүрүш көлөмү жогорулап жатат. Ички базар оң динамиканы көрсөтүүдө, ошондой эле экспорттук потенциал да өсүүдө.
Тышкы рыноктордун, өзгөчө Россия Федерациясынын кызыгуусунун жогорулашын эске алуу менен, Министрлик форель экспорттоону пландаган бардык субъекттерди алдын ала Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тийиштүү түзүмдөрүнө кайрылып, консультацияларды алып, зарыл болгон процедуралардан өтүүгө чакырат.
Министрлик менен өз убагында өз ара аракеттенүү – кабыл алуучу тараптын талаптарын сактоого, экспорттук документтерди туура толтурууга жана продукцияны тышкы рынокко үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого жардам берет.
