Бакыт Төрөбаев “Түп” картошка өстүрүүнү өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
26 ноябрь

Бакыт Төрөбаев “Түп” картошка өстүрүүнү өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2025-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан “Түп” картошка өстүрүүнү өнүктүрүү борборуна барып, борбордун ишмердүүлүгү жана картошка сактоо инфраструктурасы менен таанышты.

Борбордун негизги багыты — картошканын уруктук материалдарын өндүрүү, дыйкандарды сапаттуу жаңы үрөн заманбап технологиялар аркылуу камсыз кылуу. Учурда уруктук картошка 2–3 градус температурасы бар атайын муздаткыч кампаларда сакталууда, бул алардын сапатын узак убакытка чейин сактоого мүмкүндүк берет.

Министр Бакыт Төрөбаев борбордун техникалык базасы менен таанышып, урукту өндүрүүдө колдонулуп жаткан жабдууларды, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыкты.

Борбордун өкүлдөрү министрге үрөн чарбасын түзүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн айтып, жаңы сортторду чыгаруу жана лаборатория куруу пландары менен бөлүшүштү. Алар in vitro технологиясы аркылуу картошка өндүрүүнү, ошондой эле Кыргызстандын дыйкан-фермерлерин жаңы, жогорку сапаттуу үрөн менен камсыз кылууну максат кылып жатышканын белгилешти.

Министр Бакыт Төрөбаев бул демилгелер өлкөнүн урук чарбасын өнүктүрүүдө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өсүшүн камсыздоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

Сапаттуу уруктук материалды жергиликтүү деңгээлде өндүрүү картошканын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, дыйкандардын чыгымын азайтууга жана жалпы рыноктогу продукциянын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.